29-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -13°C
Талас облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -13°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -5°C, түнкүсүн -12°C
Баткен облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -13°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -12°C
Нарын облусу. Күндүз -16°C, түнкүсүн -26°C
Бишкек шаары. Күндүз -2°C, түнкүсүн -10°C