Аскар Акаев Жогорку Кеңештин чечимине комментарий берүүдөн баш тартты 

Аскар Акаев Жогорку Кеңештин чечимине комментарий берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу орусиянын ТАСС агенттиги жазды.

Аталган агенттикке Акаев парламенттин ишине комментарий бербей турганын билдирген.

"Мен парламенттин иш-аракеттерине комментарий бере албайм" - деген ал.

Белгилей кетсек, 5-сентябрда Аскар Акаев "экс-президент" макамын кайтаруу боюнча Жогорку Кеңешке кайрылып кат жолдогон.

Ал эми Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы жыйынында тунгуч президент Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын четке какты.

Аскар Акаев Кыргызстандан 2005-жылы март окуясынан кийин качып кеткен. Ал УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2021-жылы 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген. Анда мурдагы мамлекет башчы тергөө менен келишим түзүп, күнөөсүн моюнуна алган.

Ошондой эле "Кумтөр" иши боюнча кол коюлган документтер боюнча видео кайрылуу жасап кечирим сураган. Башкы прокуратура кийинчерээк ага карата иш токтотулганын билдирген.

Ал эми 19-майда Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева экөө Казакстан аркылуу Кыргызстанга киргени маалымдалган. Кийинчерээк анын тарапташтары Акаев Кыргызстандагы университеттерде лекция окуй тургандыгын билдиришкен. Андан соң ошол кездеги билим берүү министри Каныбек Иманалиев Акаевдин пландаган лекцияларынын бардыгы жокко чыгарылгандыгын айткан.

Тунгуч президент пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга келүүнү пландап жаткандыгын да айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан