Кечээ, 26-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев казак тараптын төрагалыгы алдында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жыйынына катышты. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө уюмга мүчө мамлекеттердин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагындагы артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруунун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелери менен катар алдыдагы уюмдун жыйындарын уюштуруу иштери айтылды.