Бүгүнкү күндө супер-форумчулар бири-бири менен достошуп, Кыргызстанда, чет өлкөлөрдө байма-бай жолугушууларды өткөрүп турушат. Айта кетсек, алар Москва, Вена, Нью-Йорк сыяктуу дүйнөнүн бир катар ири шаарларында жолугушууларды өткөрүшкөн. Ошондой эле форумчулар ар кандай кайрымдуулук иштерин уюштуруп, карылар, балдар үйлөрүнө жардам берип келишет.
* Мындан 28 жыл мурун ырчы жана актёр Нурбек СавитахуновФрунзе шаарында жарыкка келген. Ал элге “Малышка Би”, “Мне нужна любовь”, “Беги за ней”, "Bishkek city" деген ырлары жана "Жатакана" телесериалында жараткан ролу менен белгилүү. Нурбек Борбордук Азиядагы Америка университетинен саясат таануу адистиги боюнча билим алган. Англис, испан, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Хоббиси - баскетбол ойноо.
1938-жылы, мындан 75 жыл мурун атактуу америкалык актёр, "Оскар", "Алтын глобус"
киносыйлыктарынын ээси Жон Войт Нью-Йорк шаарында жарыкка келген. Ал дүйнө элине "Анаконда", "Трансформерлер", "Али", "Мамлекеттин душманы", "Үйгө кайтуу" тасмаларында жараткан ролдору менен белгилүү. Жон Войт 1962-жылы актриса жана бийчи Лори Питерске баш кошкон. Тилекке каршы, алардын никеси 5 жылга гана созулган. Кийин актёр Маршелин Бертран аттуу айым менен түтүн булаткан. Андан Жеймс Хейвен аттуу уулу жана Анжелина Жоли аттуу кызы бар.