Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары 1-октябрдан 3-октябрга чейин жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан бүгүн, 27-сентябрда маалымдашты.
Маалыматка ылайык, убактылуу чектөө Кытайда билим күнү майрамына байланыштуу киргизилген.
"Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары 4-октябрдан тарты иштеп баштайт" деп жазылат маалыматта.