Судандын армиясы Хартумда ири масштабдагы чабуулдарын баштады

Судандын куралдуу күчтөрү борбор шаар Хартумда Ыкчам аракеттенүүчү күчтөргө (ЫАК) каршы бир нече ай ичиндеги эң ири чабуулун баштады. Операциянын максаты - 2023-жылдын апрель айында ЫАК басып алган аймактарды кайрадан көзөмөлгө алуу.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, армия Хартумдагы ЫАКтын позицияларына абадан сокку урган. Аль-Истритагия стратегиялык штабынын жана президенттик сарайдын аймагында катуу салгылашуулар жүрүп жатат. Армия ошондой эле борборду Омдурман шаары менен байланыштырган үч негизги көпүрөнү басып алганын билдирди.

Өлкөдө уланып жаткан салгылашуулардын шартында гуманитардык кризис күчөп баратат. БУУнун маалыматы боюнча, 10 миллион адам жер которгон. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы 25 миллиондон ашык судандык ачарчылыкка туш болгонун жана өлкөнүн 13 аймагы ачарчылык коркунучунда турганын билдирди.

Кырдаал оор болгонуна карабай, согушуп жаткан тараптардын аракеттеринен улам гуманитардык жардамды жеткирүү кыйынчылык жаратууда. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, куралдуу топтор гуманитардык уюмдардын муктаж болгон аймактарга жетүүсүн токтотуп жатышат.

Эксперттер гуманитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча чукул чара көрүлбөсө, Судандагы кырдаал өлкөдөгү миллиондогон адамдар үчүн катастрофалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эскертишүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан