Израиль "Хезболла" кыймылынын лидери жок кылынганын жарыялады

Израиль армиясы Ливандын "Хезболла" кыймылынын лидери Хасан Насралланы жок кылганын жар салды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактарында жазылды.

Маалым болгондой, ал Израилдин аба күчтөрүнүн Бейрутка жасаган соккусунан набыт болгон. Сокку кечээ, 27-сентябрь күнү кечинде аталган кыймылдын борбордук штабына жасалган. Ал учурда "Хезболланын" жетекчилиги ал жерге чогулганы айтылды.

Израиль армиясынын басма сөз катчысы ошондой эле "Хезболланын" түштүк бөлүгүнүн командири Али Карки жана башка бир нече кол башчы өлтүрүлгөнүн билдирген.

Ал эми "Хезболла" кыймылы бүгүн, 28-сентябрда лидери Хасан Насралланын өлүмүн расмий тастыктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан