Муратбек Азымбакиев Нью-Йоркто чет элдик делегациялардын башчылары менен жолугушту  

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында бир катар чет өлкөлүк делегациялардын башчылары жана өкүлдөрү менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Азымбакиев Вануатунун премьер-министри Шарлот Салвай Табимасмас, Папуа Жаңы Гвинеянын премьер-министри Жеймс Марапе, Сент-Винсент жана Гренадин премьер-министри Ральф Гонсалвес, Гренаданын премьер-министри Дикон Митчелл жана Сент-Люсиянын тышкы иштер министри Альва Романус Баптист менен жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ал 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүү, шайланган учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги өлкөнүн пландары жана артыкчылыктары тууралуу маалымат берди. Баарлашуунун аягында аларга президент Садыр Жапаровдун алдыдагы шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдоо боюнча өтүнүч-катын тапшырды.

Мындан тышкары Муратбек Азымбакиевдин ККП БКнын Саясий бюросунун мүчөсү, ККП БКнын тышкы иштер боюнча комиссиясынын канцеляриясынын башчысы жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Малайзиянын тышкы иштер министри Мохамад Хасан жана Ватикандын мамлекеттик катчысы кардинал Пьетро Паролин менен жолугушуулары болду.

Ошондой эле президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Зомбулук экстремизмдин алдын алуу боюнча глобалдык фонддун башкаруучулар кеңешинин төрагасы Стефано Мансервиси менен жолугушту.

Баарлашуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Глобалдык фонддун террордук коркунучтарга каршы туруу жана зомбулук экстремизмдин алдын алуу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан