Пакистанда орусиялык учкучтарды ташыган тик учак кулап түштү

Пакистанда бортунда орусиялык учкучтар болгон тик учак кыйраганын Reuters жана Aaj телеканалы булактарына таянып кабарлашты. Окуя Ооганстан менен чек арага жакын жайгашкан Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Түндүк Вазиристан районунда болгон. Тик учактын бортунда 14 адам болгон, алардын алтоо каза болуп, сегизи жарадар болгон.

Aaj телеканалынын булактарынын айтымында, учакта үч орусиялык, алардын экөө учкуч болгон. Ми-8 тик учагын Пакистандын Mari Petroleum мунай компаниясы жалдап, Шева мунай кенинде миссияларды аткарган. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, кырсыкка техникалык мүчүлүштүк себеп болгон. Кырсыкка алып келген негизги фактор катары кыймылдаткычтын бузулушу аталды.

Washington Post гезити жергиликтүү полицияга шилтеме жасап, шашылыш конуу маалында тик учактын куйрук ротору жерге тийип, башкарууну жоготууга алып келгенин жазды. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Mari Petroleum компаниясынын өкүлү тик учак кыймылдаткычы иштебей калгандыктан кыйраганын тастыктады.

"Тик учак коно алганы менен, тилекке каршы, кийин башкарууну жоготкон. Учурда бардык тиешелүү ведомстволордун, анын ичинде Пакистан армиясынын колдоосу менен эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Жабыркагандар жакынкы ооруканага жеткирилип жатат", - деди компаниянын өкүлү.

Жабыркагандар Тал айылындагы аскердик ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан