Израил "Хезболланын" дагы бир жогорку даражалуу өкүлү өлтүрүлгөнүн жарыялады

Набил Каук

Израил армиясы ишембиге караган түнү Бейруттун чет жакасындагы Дахиеде аба соккусунан "Хезболланын" жогорку даражалуу өкүлү Набил Каук өлтүрүлгөнүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Билдирүүгө ылайык, Каук "профилактикалык коопсуздук бөлүмүнүн" командири болуп иштеген жана топтун борбордук кеңешинин улук мүчөсү болгон.

Набил Каук 1980-жылдары "Хезболлага" кошулуп, бир катар маанилүү кызматтарды, анын ичинде аткаруу кеңешинин башчысынын орун басары болгон. Израилдин аскерлери ал Израилге каршы чабуулдарды пландаштырууга түздөн-түз катышкан деп ырастоодо.

Ал арада Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин аба соккуларынан ишемби күнү 33 киши өлүп, 195и жарадар болгонун билдирди. Израилдик авиация Бейруттун түштүк четиндеги райондоруна жана Ливандын түштүгүндөгү шаарларга сокку уруусун улантып жатат.

Израил менен "Хезболланын" ортосундагы жаңжал өткөн жылдын октябрь айында башталгандан бери, Ливан бийлигинин маалыматы боюнча, 1640 адам, анын ичинде 104 бала жана 194 аял набыт болгон. Жарадарлардын саны 8408 адамга жетти.

“Хезболла” азырынча Набил Кауктун өлүмү боюнча комментарий бере элек. Буга чейин ошондой эле топтун лидери Хасан Насралла Израилдин аба соккуларынын натыйжасында өлтүрүлгөнү кабарланган. Израил армиясы ошондой эле "Хезболланын" жогорку даражалуу мүчөсү Али Караки жана Насралла менен бирге топтун бир нече командири өлтүрүлгөнүн жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан