"Эч кимди аябайбыз". Жапаров "Унаа" мекемесинин жетекчисинин кармалышы боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Рустам Жокоевдин кармалышы боюнча комментарий берди.

Өлкө башчы Жокоевди кезинде өзү кызматка дайындаганын белгиледи.

"Ооба, туура айтасыз, айдоочулук күбөлүктөр сатылбасын деп президент болгон күндөн баштап эле айтып келем. 2020-жылга чейин 15-20 миң сомго сатылып келгенин баарыңар жакшы эле билесиңер да. Кызматка жаңы келгенимде, бул тармакты ким тартипке салат деп сураштырып жүрүп, Рустам Жокоев деген жигитти койдум эле. Башында жакшы эле иштеп келди. Тартип орноп, айдоочулук күбөлүктү оңой менен ала албай калганыңарды сездиңер да. Мен ого бетер күчөтөлү деп, ал жигитти чакырып, "сен өзүң таза болсоң, кол алдыңдагылар да таза болот, өзүң таза бол. Айлыгың жашооңо жетпей жатса, демөөрчүлүк фондумдан кошумча 2000 доллар материалдык жардам берип турайын",- деп убадалашып, антын алып, ай сайын 2000 доллар жардам берип турчумун. Дароо айта кетейин, менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам. Анткени эмгек акылары чындыгында аз.

Эмне үчүн материалдык жардам десеңер, алар өздөрү жетектеген мекемеден уурдабаш үчүн, ошол мекемеде тартип орнотуш үчүн, өзү таза болуш үчүн берип турам. Алардын арасында кечээ камалган “Унаанын” жетекчиси да бар эле. Балким, бул жигитти жөн эле камап атышкан жокпу деп, баарын өзүм да териштирип көрдүм. Система түзүп алышып, күбөлүк сата башташканы аныкталып калды. 40 миңден 80 миң сомго чейин баа коюп алышыптыр. Албетте, 100 пайыз күбөлүк сатылган эмес. 90 пайыз адам сынакты тапшырып эле алышкан. Болжол менен 10 пайызы сатылып кетип жатканын болжолдодук. 10 пайыз эмес, бир да айдоочулук күбөлүк сатылбаш керек.Азыркы убакта 30 жылдан бери айдоочулук күбөлүк сатып алгандар жашап жатабыз", - деди Жапаров

Мамлекет башчысы мекемеге жаңы жетекчи дайындала турганын белгилеп, өлкө райондоруна унаа мектептерин ачуу демилгеленип жатканын айтты.

"Эми “Унаага” жаңы жетекчи дайындайбыз. Ага деле жогоруда айтканымдай тапшырма жана талаптар коюлат. 40 районго унаа мектептерди ачкыла деп тапшырма коюп жатам. Ал да пендечилик, ач көздүк кылып кетсе, ал дагы камалат. Биз эч кимди аябайбыз. Бизге мамлекеттин келечеги керек. Таза мамлекетти куруп кетишибиз керек. Ушул жерден унаанын кызматкерлерине бир суроом бар да. Силер, күбөлүк сатып аткан адамдар, келечекте силердин өзүңөрдүн эле жакындарыңарды, небере-чөбөрөлөрүңөрдү кокус бир жерден кагып кетип, зыянга учуратпайт деп кепилдик бере аласыңарбы? Албетте, жок. Ошондуктан бир күндүк тыйынга кызыкпай, келечектеги урпактарыңарды да ойлой жүргүлө", - деген Жапаров.

Эске салсак, 26-сетябрда Жокоев "Пара алуу" беренеси боюнча айыпталып, 1 айга камакка алынганын Биринчи май райондук соту билдирген. Ал күнү жергиликтүү ЖМКлар УКМК "Унаа" мекемесинде тинтүү жүргүзүп, бир нече кызматкерлер кармалганын жазып чыгышкан. Кийинчерээк атайын кызмат "Унаа" ишканасынын 10 кызматкери коррупциялык схема уюштуруп алышкан деген негизде кармалганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан