Жылнаама. 30-декабрь: Мындан 85 жыл мурун Фрунзеде Жаңы жыл майрамында сырадан башка спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган

* Мындан 85 жыл мурун Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскерлер кеңешинин административдик бөлүмү спирт ичимдиктерин сатуу туурасында катаал токтом чыгарган. Шаардык кеңештин токтомунда жаңы жылдык майрам күндөрү соода түйүндөрүнө түшүрүлө турган спирт ичимдиктерине чектөө киргизүү чарасы каралган. Жаңы жылдын биринчи күндөрү Фрунзе шаарында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Шаардык кеңештин административдик бөлүмү 1-январдан 4-январга чейин сыра суусундугун гана сатууга уруксат берген.

1993-жылдын 30-декабрында кыргыз театр жана кино актрисасы, СССРдин Эл артисти Бакен Кыдыкеева каза болгон. Ал 1923-жылы Бишкек шаарынын Төкөлдөш тарабында туулган. Чыгармачылык жолун 1936-жылы Фрунзедеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Ал алгач Пржевальск облустук драма театрында, Тянь-Шань музыкалык драма театрында иштеген. 1944-жылдын аягында Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына которулуп келген.

 

Бакен Кыдыкеева ар кыл пландагы образдардын ички тереңдигине актёрдук талдоо жүргүзүп, оң, терс, комедиялык, трагедиялык ролдорду бирдей аткарган кеңири диапазондуу артист. Актрисанын кинодогу ишмердиги кыргыздын биринчи көркөм фильми «Салтанат» менен байланыштуу. Кийин ал көптөгөн фильмдерде ролдорду аткарган. Кинодогу мыкты ролдору үчүн дипломдор менен сыйланган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси. Режиссёр катары А.Осмоновдун «Махабатын» койгон. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

* Мындан 91 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1922-жылы 30-декабрда Советтик Социалисттик Республикалардын биримдиги (СССР) түзүлгөн. СССР Советинин I курултайы өткөрүлүп, анда Советтик Социалисттик Союздук Республикасын уюштуруу туурасында тарыхый чечим кабыл алынган. Совет мамлекети адегенде Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасы (РСФСР) Украина жана Беларусь Советтик Социалисттик Республикалары, Закавказия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикаларынан куралган.

* 2006-жылы 30-декабрда Ирактын 5-президенти Саддам Хусейн дарга асылган.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан