Ош облусунун Ноокат районунда менчикке өтүп кеткен 381,74 гектар жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Ноокат райондук администрациясынын 1998-жылдагы токтомунун негизинде Найман айыл аймагында (учурда Көк-Жар) жайгашкан "Улуу-Тоо" кенине караштуу аталган жер тилке пайдалуу кен-байлыктары (сымап) менен бирге "Р.У.Т." ЖАКтын менчигине өтүп кеткени аныкталган.
Ноокат райондук прокуратурасынын келтирген актысынын негизинде 1 миллиард 246 миллион 560 миң сомго бааланган жер аянты мамлекеттин балансына алынды.