Эртең, 1-октябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25 градус жылуу болот.