Борбордо жеңил унаанын айдоочусу 3-класстын окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу 30-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-декабрь күнү саат 12:30 чамасында 55 жаштагы айдоочу А.Дамир Лексус-RX300 унаасын айдап бара жатып Кривоносов жана Ак-Марал көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Натыйжада 9 жаштагы У.Айтегин жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Автоунаа айып төлөөчү жайга жеткирилип, жол кырсыгы боюнча материалдар тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн.