Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп Улан Карыпбеков дайындалды.
Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгон.
Аталган кызматты буга чейин Рустам Жокоев аркалап келген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча шектелип кармалганы маалымдалган.
Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, Жокоев бүгүн, 1-октябрда кызматынан бошотулду.