Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Пекинде өткөн форумга катышты

Башкы прокуратуранын делегациясы Кытайдын Пекин шаарында өткөн Коррупцияга каршы укук коргоо органдарынын глобалдык оперативдүү тармагынын (GlobE Network) бешинчи пленардык отурумуна катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, БУУнун БКБнын жана GlobE Network катчылыгынын демилгеси менен уюштурулган глобалдык форум жыл сайын өтүүчү коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ачык иш-чара болуп саналып, ага быйыл 105 мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан 300дөн ашык өкүл чакырылган.
Пленардык отурумдун алкагында Кыргызстандын делегациясы Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Индиянын антикоррупциялык ведомстволорунун өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анда коррупцияга каршы күрөшүү, коррупцияга каршы саясаттын иштиктүү механизмин түзүүдө аймактык тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө мындан аркы кызматташууну бекемдөө боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле эл аралык эксперттер менен биргеликте трансулуттук акчаны адалдоо жана уурдалган активдерди кайтаруу жөнүндө иштердин контекстинде алдыңкы тажрыйба алмашуу боюнча өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Пленардык отурумдун жыйынтыгы боюнча коррупцияга каршы укук коргоо органдарынын кызматташтыгын бекемдөө жана коррупциялык элементтер үчүн коопсуз башпаанек берүүдөн баш тартуу жөнүндө Пекин консенсусу кабыл алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан