БУУ Кыргызстанда санариптик саламаттыкты сактоо боюнча биргелешкен программасын ишке киргизет

Бүгүн, 2-октябрда Бишкекте Бириккен Улуттар Уюму тарабынан "Саламаттыкты сактоо тармагында санариптик ажырымды жоюу" аталышындагы программа ишке кирди.

Аталган программа Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) фонду аркылуу Европа Биримдиги, Испания жана Швеция өлкөлөрүнүн катышуусунда каржыланат.

Ал Кыргызстандын санариптик саламаттык сактоо системасын бекемдөөгө, өзгөчө аялдар, балдар жана алыскы райондордогу калктын аялуу топтору үчүн ар бир адамга сапаттуу медициналык тейлөөгө жетүүнү камсыз кылууга багытталары айтылды. Программанын жалпы бюджети 4 миллион 34 миң долларды түзөрү жана 2027-жылга чейин иштей турганы маалым болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү сөз сүйлөп, бул демилге Кыргызстан үчүн маанилүү кадам болуп саналарын айтты.

"Санариптик саламаттык сактоо жаатындагы бул демилге Кыргызстан үчүн алдыга карай маанилүү кадам болуп саналат. Маанилүү медициналык маалыматка жетүүнү жакшыртуу менен биз саламаттыкты сактоону натыйжалуураак кылып, бардыгы үчүн натыйжаларды жакшырта алабыз", - деп билдирди.

Ал эми аталган программанын негизинде 120 миңге жакын майыптыгы бар адамдар санариптик майыптык күбөлүктөрүн алышат, мындан тышкары 280 миң адам санариптик оору баракчаларына ээ болуп, керектүү кызматтарды ала алышары белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан