ЖМК жана социалдык тармактарда мас абалында унаа башкарган видеосу тараган Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкери А.К. жумуштан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда аталган департаменттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болгон.
Белгилей кетсек, 1-октябрда Бишкек шаарындагы Милициянын кайгуул кызматы мас абалында унаа башкарган Сот департаментинин кызматкеринин видеосун жарыялаган.