Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргыз индустриянын базасында чакан долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демонстрациялык борбордун ачылышына катышты.
Министрликтен билдиришкендей, борбор ишкерлерге, фермерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чакан жана орто өндүрүштөрдү ачуу, продукцияларды кайра иштетүү жана чыгаруу боюнча практикалык көрсөтмөлөрдү берет.
“Мына аймактарга ыңгайлуу болгон жүндү кайра иштетүүчү баасы 2 миллион сомго жетпеген чакан өндүрүштү көрсөттүк. Акимдерге, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына ачык айтып коёюн, президент мага айтты, кайсы райондо болсун, мейли, Ошто, Ат-Башыда, Түптө, Кара-Кулжада болобу жүн жерде жатса, ошол райондун акими иштен алынат. Бул майда нерсе деп ойлобогула. Эгер биз райондордо 60 жерге жүндү кайра иштетүүчү өндүрүштү койсок, жүн маселесин чечебиз. Ал эми наркы 120 миң сом эле турган малдын терисин сыйруучу станокту ар бир айыл өкмөтүнө койсок, тери көйгөйүн чечебиз”, - деди Төрөбаев.
Белгилей кетсек, борбор чакан бизнес долбоорлордун ийгиликтүү мисалдарын көрсөтүп, алардын өнүгүүсүн талкуулап, эл аралык инвестицияларды тартууга жардам берет.