Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 30-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 6, Ысык-Көл – 3, Ош – 2, Жалал-Абад – 2 жана Баткен облусунда 1 өрт катталган.
Ысык-Көлдө үйдүн чатыры күйүп кетип, 1976-жылы туулган үй кожоюну Д.Асанканов ооруканага жеткирилген.
Өрт мештин туура эмес курулганынан келип чыккан.