Садыр Жапаров менен Италиянын премьер-министри бир канча документтерге кол коюшту

Бүгүн, 3-октябрда, Садыр Жапаровдун Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн министрлер кеңешинин төрайымы Джорджа Мелони менен сүйлөшүүлөр болуп, анын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргызстан менен Италиянын ортосунда экстрадициялоо жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Италия Өкмөтүнүн ортосундагы аудиовизуалдык продукцияны биргелешип чыгаруу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстан менен Италиянын Юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан