Бүгүн, 4-октябрда Талас районунун №6 Ак-Сай үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна "Тез жардам" унаасы тапшырылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, унааны жеке ишкер демөөрчүлүк катары белекке берген.
"Тез жардам" унаасы Манас айылынын тургундарына тез медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүнү камсыздайт. Жаңы транспорт керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган, бул медициналык кызматкерлерге чакырууларга эффективдүү жооп берүүгө жана адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.