Өзбек тарап "Достук автожолу" көзөм-өткөрүү пунктунда техникалык иштерди жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу аталган өткөрүү пункту убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Чек ара кызматынан билдиришти.
Анда "Достук автожолу" өткөрүү пункту аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилди.