Айбек Молдогазиев Анкарада Түркиянын тышкы иштер министри менен жолукту

Анкарада тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолукту. Бул тууралуу кечээ, 4-октябрда ТИМден билдиришти.

Анда ТМУнун мүчө өлкөлөрүнүн аймактык кызматташуу, экономикалык өнүгүүсү жана маданий байланыштарын чыңдоо, ошондой эле көп тараптуу жана эки тараптуу форматтагы өлкөлөрдүн өз ара аракеттешүүсүнүн негизги маселелери талкууланды.

Ошондой эле түрк дүйнөсүнүн экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыгын бекемдөө умтулуусу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, жаңы транспорттук коридорлорду түзүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду колдоо ниети баса белгиленди.

Тараптар түрк дүйнөсүндө кызматташтыкты бекемдөө жана тереңдетүү, түрк дүйнөсүнүн баалуулуктарын жана кызыкчылыктарын аймактык жана эл аралык аренада мындан ары алдыга жылдыруу ниетин белгилешти.

"Айбек Молдогазиев жолугушуунун жүрүшүндө Хакан Фиданга президент Садыр Жапаровдун атынан Түркиянын Тышкы иштер министрлигине толугу менен салттуу стилде кооздолгон Кыргыз улуттук боз үйүн белек кылганын ырастаган сертификатты тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз улуттук боз үйү Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин аймагына орнотулат, анда чет элдик элчилер жана дипломатиялык миссиялардын кызматкерлери кыргыз элинин байыркы тарыхы жана көчмөн маданияты менен тааныша алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан