Бүгүн 5-октябрда, Ош Мамлекеттик университетинин “Ак-Буура” кампусунда Ош шаарынын күнүнө карата “Osh motors” авто-мото фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди.
Маалыматка ылайык, анда жаңы, заманбап жана ретро үлгүсүндөгү унаалардын көргөзмөсү өттү. Фестивалда Өзбекстандан, Бишкектен келген жана Оштун авто-мото сүйүүчүлөрү тарабынан экстрималдык ыкма менен унаа, мотоциклди башкаруу көндүмдөрү көрсөтүлдү.
Ошондой эле авто-мото сүйүүчүлөрдүн жогорку ылдамдыктагы “Дрифт” жарышмасы орун алды.
"Иш-чарага активдүү катышкандарга Ардак грамоталар, ыраазычылык баракчалар жана белектер тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.