Социалдык тармактарда Бишкек шаарында эл ташыган автобус бир кишини сүзүп кеткени тартылган видео тарады.
Күбөнүн айтымында, кырсык Чыгыш-5 кичи районунун аймагында катталган.
Маалыматты тактоо үчүн Жол кыймылынын коопсуздук камсыздоо башкармалыгына кайрылганыбызда, окуя такталып жатканын билдирип, кийинчерээк толук маалымат берилерин кошумчалады.