Бүгүн, 7-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШ өлкөлөрүнүн ТИМдеринин кеңешине катышуу үчүн Москвага барды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, анда тараптар эл аралык күн тартибинин жана шериктештиктин форматындагы өз ара аракеттенүүнүн маселелери боюнча пикир алмашат.
"Ошондой эле КМШга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жана Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындарына сунушталган чечимдердин долбоорлору каралат", - деп айтылат маалыматта.