Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Иван Айвазовскийге таандык сүрөт уурдалды. Бул тууралуу 30-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, “Крымдагы деңиз пейзажы” аталышындагы сүрөт 1866-жылы тартылган. Ал музейдин экинчи кабатындагы орус көркөм сүрөт залында илинип турчу.
Бишкек ШИИББи бул факты боюнча маалыматы бар жарандарды 0 312 56-60-43, 0 553 10-27-03, 0 550 90-90-01 телефон номурлары аркылуу билдирип коюуну өтүнөт.