Бүгүн, 7-октябрда Садыр Жапаров иш сапары менен Москва шаарына барды. Бул туурасында президенттик администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, мамлекет башчынын учагы "Внуково-2" эл аралык аэропортуна конду. Аны Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.
Белгилей кетсек, сапардын алкагында Садыр Жапаров Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.