КМШга мүчө мамлекеттин башчылары кеңештин жыйынын өткөрүү үчүн Кремль сарайына чогулду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кремль сарайына келди. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага келген КМШ мамлекет башчыларын Кремль сарайында Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин тосуп алды.
Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкөлөрдүн лидерлери тар форматтагы жыйын залына өтүштү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан