Өлкө мушкерлери Кытайдагы мелдеште 6 медаль тагынышты

Өлкөнүн бокс боюнча улуттук курамасы Кытайдын Үрүмчү шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште 6 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Маалыматка ылайык, мушкерлер Анвар Хожиев 48 килограмм салмакта жана Санжар Сейдакматов 57 килограммда алтын байге утушкан. Ал эми Ислам Төрөбаев 57 килограмм салмак ченинде, Мирзахид Имамназаров 63,5 килограммда, Сагын Сатыбалды уулу 80 килограммда жана 92 килограмм салмакта Бакыт Токтосун уулу коло медаль тагынышты.

Ошондой эле департамент бүгүн 67 клограммга чейинки салмак чен бирдигинде Алмаз Орозбеков алтын байге үчүн күч сынашарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан