Садыр Жапаров кыргызстандыктарды алтын куймаларын сатып алууга чакырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун өлчөнгөн алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнүнө барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Жапаров “Кыргызалтын” ААКсынын продукциясын сатып алууда эч кандай чектөө болбошу керектигин, анткени өлкөдө өндүрүлгөн алтын акыры эл аралык биржаларда сатылып, анда баалар фирмалык дүкөндөн төмөн болушу мүмкүн экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысынын алтынга салынган инвестициянын кирешелүүлүгү тууралуу суроосуна “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов эки жыл мурун бир килограмм алтын сатып алгандар азыркы базар баасын эске алганда, бүгүн 34 миң доллар киреше менен сата аларын билдирди.

Президент ата мекендик алтын куймаларын сатып алуу каражат салуунун ишенимдүү жана кирешелүү жолу экенин белгилеп өттү. Ал өлкөнүн колунда бар, бай жарандарын аманаттарын алтынга салууга үндөдү, анткени анын наркы жыл сайын өсүп жатат.

"Алтын куймаларын сатуунун көлөмү 50 миллион сомду түзсө, компаниянын таза кирешеси 3 миллион сомду түздү. Азыркы учурда өлчөнгөн куймаларды бардык каалоочулар, анын ичинде башка мамлекеттердин жарандары фирмалык дүкөндөн сатып ала алышат.

Алтын куймаларды шейшембиден ишемби күнгө чейин төмөнкү дарек боюнча сатып алууга болот: Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 195", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, дүкөндүн расмий ачылышы үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан