Кечээ, 10-октябрда футбол боюнча Кыргызстандын курамасы 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында Катар менен беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Ага ылайык, беттеш Доха шаарынын (Катар) "Аль Тумама" стадионунда болуп, кыргыз курамасы Катарга 1:3 эсебинде утулуп калды.
Кыргызстандын жалгыз голун Алимардон Шүкүров киргизди.
Белгилей кетсек, 15-октябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков стадионунда курама команда Түндүк Кореяга каршы ойнойт.