Жылнаама: 31-декабрь - Кыргызстанда Бажы кызматкерлеринин күнү

* 1853-жылдын 31-декабрында Батыш Сибирь генерал-губернатору кыргыздардын кайрылуусу боюнча империянын Тышкы иштер министрлигине кат жолдогон. Тагыраак айтканда, кыргыз урууларынын арасында орун алган араздашуунун айынан Ысык-Көлдү жердеген бугулар XIX кылымдын экинчи жарымынын башталышында Орусия империясынын курамына кирүүнү өтүнүп падышага кайрылууга мажбур болушкан. Анткен менен Батыш Сибирь бийлиги бул маселеге анча ашыга берген эмес.Батыш Сибирь генерал-губернатору 1853-жылдын 31-декабрында империянын Тышкы иштер министрлигине жолдогон катында, алар менен кызматташуу канчалык пайдалуу болсо да, кыргыздардын өтүнүчүн кабыл алуу мүмкүн эместигин белгилеген. Кашкарга кетчү соода жолу кыргыздардын конушу аркылуу өтөрүнө карабастан, генерал-губернатор алардын өтүнүчүнө оң жооп берген эмес. Анын ордуна ал "Орусия империясынын курамына мурда кабыл алынган Улуу жүз казактар менен ынтымакта болгула" деп бугу уруусуна эскертүү жолдогон.

* Мындан 40 жыл мурун Кыргыз мамлекеттик тарых музейи узакка созулган реставрациялык иштерден кийин күйөрмандарына эшигин ачкан.

* 1977-жылдын 31-декабрында түштүк кореялык рэп-ырчысы PSY туулган. Өз аты - Пак Чэ Сан. Хип-хоп, K-pop жанрында ырдаган аны дүйнө жүзүнө тааныткан чыгармасы Гангнам стайл" болгон. Белгилей кетсек,аны бул чыгармасы  2012-жылдын 15-июлунда интернет ааламына жүктөлүп, 5 ай ичинде 600 миллион жолу көрүлгөн. Аталган клип 2012-жылдын 20-сентябрында "Гиннесс рекорддор китебине" киргизилген.

* 31-декабрь, 1999-жылы Борис Ельцин президенттик кызматтан отставкага кетип, анын милдетин аткаруучу болуп Владимир Путин дайындалган.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан