Кытайдын Элдик боштондук армиясы Тайвандын жанында аскердик машыгууларды баштады, анын алкагында Пекин аралды блокадалоо мүмкүнчүлүгүн сынап жатат. Бул тууралуу Кытай армиясынын Чыгыш командачылыгынын өкүлү Ли Си билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.
Анын айтымында, "Биргелешкен кылыч - 2024B" деп аталган машыгуу деңиз жана аба патрулдарын, негизги портторду блокадалоону жана Тайвань аймагындагы деңиз жана жердеги буталарга соккуларды камтыйт.
"Бул машыгуу “Тайвандын көз карандысыздыгын” көздөгөн жикчил күчтөргө катуу эскертүү катары кызмат кылат жана улуттук эгемендүүлүктү коргоо жана улуттук биримдикти сактоо үчүн адилеттүү жана зарыл кадам болуп саналат”, - деди Ли Си.
Кытай деңиз жана аба күчтөрүн, ракета күчтөрүн жана армиянын башка бөлүктөрүн жайгаштырды. Guancha басылмасы машыгуу батыш Тайвань аралын бүт камтыганын билдирди.
Тайвандын бийлиги машыгууларды “ачык провокация” деп атады. Reuters агенттигинин аралдагы булагы Пекин Тайвандын түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү портторду блокадалоону, ошондой эле чет элдик күчтөр колдоно турган эл аралык деңиз жолдорун жаап жатканын ырастады.
Тайвань менен Кытай 1949-жылы жарандык согуштан кийин бөлүнгөн. Пекин Тайванды анын бир бөлүгү деп эсептейт жана аралдын эгемендигин четке кагып, “бир Кытай” принцибин колдойт. Тайвань болсо 1980-жылдары Кытай сунуштаган “бир өлкө, эки система” моделин кабыл алуудан баш тартууда.
АКШ Тайванды колдойт жана аралга аскерий жабдууларды берүүнү улантууда. Вашингтон Тайвандын Кытайдан эгемендигин тааныйт, бирок аралдын статусу белгисиз деп эсептейт. АКШ президенти Жо Байден Кытай тараптан чабуул боло турган болсо Тайванды коргоого даяр экенин бир нече жолу билдирген.
Буга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 2027-жылга чейин Кытай армиясын “глобалдык державага” айлантуу максатын белгилеген. АКШ муну Тайванга басып кирүүгө мүмкүн болгон даярдык катары баалайт.