"Парижде, Нью-Йоркто жүрөт, ылдый түшкүлө!" Депутат Түлөбаев Байсалов менен Бейшеналиевди сынга алды

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Балбак Түлөбаев өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди сынга алды.

Депутат өкмөттүн өкүлдөрү жыйынга келбей жүргөнүнө нааразы болуп, аларды "ылдыйга түшүүгө" чакырды.

“Эдил Байсалов кайда? Парижде, Нью-Йоркто, Токиодо жүрөт. Алымкадыр абам деле Париж менен Бостондо жүрсө керек. Ылдый түшкүлө! Реформаны көрбөй жатабыз. Ылдый түшкүлө, Байсалов, Алымкадыр Савирдинович, соцблокту реформалаш керек. Өзгөчө социалдык коргоо өтө татаал. Пандемияда көрдүк. Кырылып кала жаздадык го. Дагы пандемия болсо, бул жолу башкача болуп калышы мүмкүн", - деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал коронавирус пандемиясында жаралган көйгөй азыркыга чейин чечилбей келгенин айтты.

“Пандемияда Бишкекте 500 миң кишини бакканбыз. Ошондо мен Кыргызстанда социалдык коргоо, ооруканалар чөктү, өлдү дедим эле. Ар бир мектепке барып стационар ачканбыз, ИВЛ, концентраторлор жок. Балбак аба, унаамды ал, клексан таап берчи дегендер болгон. Атамды алып калайын деп, клексанга Лексус 570 бергендер болгон. Бат эле унуттукпу анын баарын? Саламаттык сактоо министри облустагы, райондогу ооруканаларды карабай калдыңар. Урматтуу Садыр Нургожоевич, пандемия боюнча окутуу өткөрсөңүз, ошондо кайсы министрлик кандай иштеп жатканын көрөсүз”, - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан