Өзбекстандын Ички иштер министрлиги балдардын квадробика хоббиси ата-энелердин өз милдеттерин аткарбагандыгы катары караларын билдирди. Алар бул берене боюнча айып пулдун көлөмү 1,8 миллион сум (150 доллар) болорун эске салышты.
Зарыл болгон учурда балдар психологиялык текшерүүгө да жөнөтүлүшү мүмкүн деп кошумчалады бөлүм. Алар квадробика хоббиси "коомдогу жүрүм-турум эрежелерине карама-каршы келет жана таптакыр кабыл алынгыс" деп эсептешет. Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, субмаданияттын пайда болушу Орусиянын, Казакстандын жана Украинанын жаштарынын арасында байкалууда.
"Квадробика 2008-жылы Японияда расмий эмес спорт түрү катары пайда болгон. Анда адамдар жаныбарлардын кыймылын туурашат. Акыркы айларда ал субмаданияттын кейпин кийди", - деп айтылат маалыматта.