"Уулу менен байкеси каза болуп". Сахалинге кайык менен кеткен адам 67 күндөн кийин табылды (видео)

Охот деңизинде балык уулап жүргөн жарандар жалгыз адамдын кайыкта отурганын байкап, аны куткарып чыгышты. Бул тууралуу BAZA Телеграм каналы жазды.

Андагы маалыматка ылайык, Михаил Пичугин аттуу Сахалин шаарынын тургуну мындан эки ай мурун байкеси жана 14 жаштагы уулу менен Хабаровск крайынан Сахалинге кайык менен чыгышкан. Саякатчыларда жылуу кийимдер, куткаруучу жилеттер, факелдер, ошондой эле аз өлчөмдөгү азык-түлүк жана 20 литр ичүүчү суу болгон.

Алар деңизге 9-августта киришип, үч күндөн кийин белгиленген жерге жетпей калышкан.

Аларды издөө иштери бир айдан ашык убакытка созулуп, бирок андан эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Кечээ, 14-окятбрь күнү кечинде Ангел кемеси менен балык уулоого чыккан жарандар кайыкты байкап, ага жардам беришкен. Кайык Камчаткадан 23 чакырым алыстыкта деңизде жүргөн.

Үч адамдын ичинен Михаил Пичугин гана аман калган. Ошондой эле кайыкта уулу менен байкесинин сөөгү болгон.

Учурда Михаил Пичугин ооруканада.

Сахалинге кайык менен кеткен адам 67 күндөн кийин табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан