Бүгүн, 15-октябрда парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек шаарына жылуулук берүү 22-октябрдан тарта баштала турганын билдирди.
Анын айтымына караганда, бул жылы жылуулук берүү жылдагыга караганда эрте жүргүзүлөт.
"Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл даярдыктар жакшы. Бул жылы ЖЭБге дагы бюджеттен акча бөлүндү. 22-октябрдан баштап жылуулук берүүнү баштайлы деп жатабыз, быйыл эрте берип жатабыз. Учурда 200 миң тоннадан ашык көмүр бар. Буюрса, кышка бардык жагынан эле даярбыз", - деди министр.