Казакстандын Талгар районунун акиминин аппарат жетекчиси Аслан Касымбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда казак басылмалары жазып чыгышты.
Айрым маалыматтарга караганда ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Хасан Касымбаевдин агасы деп айтылууда.
Мындан тышкары Талгар районунун акими Танат Айдарбеков жана анын орун басары Айбек Бидаев дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.
Белгилей кетсек, 13 адамдан турган топ ичимдик үчүн Талгарлык Шерзат Болотту сабап кеткен. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.
Ошондой эле 12-октябрга караган түнү өспүрүмдүн үйүнөн өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кеткен.