Бүгүн, 15-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Түштүк Кореяга баруучу жолдордун жана темир жолдордун эки бөлүгүн жардырышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Жардыруулар Түндүк Кореянын аймагында Кёнисон жана Тонхэ сызыгында болгон. Түштүк тарап жабыркаган эмес, бирок чек ара сызыгын көздөй бир нече жолу эскертүүчү ок атышкан.
Жакында эле Түндүк Корея өз аймагын “толугу менен изоляциялоо” ниетин билдирген.