Садыр Жапаров Орусиянын телеканалына берген интервьюсуна толуктоо иретинде маек берди

Бүгүн, 16-октябрда президент Садыр Жапаров Ашхабаддагы форумда “Россия-1” телеканалынын журналисти Павел Зарубинге берген маеги жана батыш өлкөлөрү менен Орусиянын ортосундагы мамиленин Кыргызстанга тийгизген таасири боюнча “Кабар” агенттигине маек берди.

Айта кетсек, аталган форумда журналист суроо узатып, Садыр Жапаровдон "Батыш өлкөлөрү Кыргызстанды Орусия жана КМШ өлкөлөрү менен кызматташпагыла деп көрсөтмө бербеши керек" деген жооп уга алган.

Агенттикке берген маекте өлкө башчысы Түркмөнстанда журналисттин берген суроосу күтүүсүз болгонун айтып, толуктоо иретинде төмөнкүлөрдү билдирди.

"Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш башталгандан бери батыш өлкөлөрү Орусияны жектеп келишет. Албетте, Орусия менен кызматташпагыла деген батыш өлкөлөрү бар. Бирок мен аларга дайыма чын жүрөгүмдөн ачык жооп берип келем: "Орусия менен биз кызматташпай коё албайбыз. Биздин ортобуздагы товар жүгүртүү 4 миллиард доллардан ашат. Биз Орусиядан нефть, газ, буудай жана башка тамак-аштарды сатып алабыз. Географиялык жактан алганда биз туюк өлкөдө жашайбыз. Биздин дүйнөгө чыга турган авто жана темир жолубуз да Орусия аркылуу. Орусияда бир миллионго жакын мигранттарыбыз бар. Анан кантип биз Орусия менен иштешпей коё алабыз. Силер өзүңөр, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн айрымдары, санкцияга карабай эле Орусия менен иштешип жатасыңар го. Орусия менен болгон соода-сатыгыңар жылына 6 миллиард долларга чыгып жатпайбы. Анан өзүңөргө керек болгондо Орусия менен жакшынакай эле кызматташасыңар дагы, бизге келгенде эле иштешпегиле дейсиңер. Силердин бул талабыңар адилетсиз", - деп ачык эле айтып жатам.

Мен бийликке келген 4 жылдан бери тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзүп келем. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен эки тараптуу кызыкчылыкта бирдей жана тең ата кызматташып жатабыз. Керек болсо кечээ жакында эле Евросоюз менен дагы кызматташууга кол коюп келдик. КМШ өлкөлөрүнүн башка мүчөлөрү менен дагы тыгыз кызматташып жатабыз. КМШ өлкөлөрүнүн айрым мүчөлөрү менен товар алмашуубуздун көлөмү акыркы 4 жылда 7 эсеге өстү.

Географиялык жактан алганда дагы КМШ өлкөлөрү менен жакын жайгашканбыз. Алар менен күнүмдүк турмуш-тиричилигибиз тыгыз чырмалышкан десек болот. Кандайдыр бир маселелерде бири-бирибизге көз карандыбыз. Ошондуктан алар менен кызматташпай коюшубуз мүмкүн эмес", - деп билдирген өлкө башчысы.

Ошондой эле агенттиктин журналисти "Орусия менен кызматташпоо өтүнүчү бул мамлекетке батыш өлкөлөрү тарабынан киргизилген санкциялардан улам болуп жатабы, же Кыргызстан санкцияларды кыйгап өтүүгө кол кабыш кылууда деген шек саноолор болуп жатабы?" деп сурады.

"Албетте, биз Бириккен Улуттар Уюмунун бир мүчөсү катары Орусияга кирген санкциялык товарлар менен иштешкен жокпуз. Ошондуктан бул маселе боюнча бизге эч кандай доомат коё алышпайт.

Шек саноолору жок. Болушу да мүмкүн эмес. Жөн гана Орусияга болгон жек көрүүлөрү болсо керек", - деп өлкө башчысы сөзүн жыйынтыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан