Канада менен Индиянын ортосунда дипломатиялык жаңжал чыкты

Индия бийлиги Канаданын алты дипломатын, анын ичинде элчинин милдетин аткаруучу Стюарт Росс Уилерди жана анын орун басарын өлкөдөн чыгарууну чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Канадалык дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу менен бирге Индия Канададагы элчиси Санджай Кумар Верманы жана башка бир катар дипломаттарды алардын коопсуздугуна тынчсыздануу менен чакыртып алды. Буга жооп кылып Канада алты индиялык дипломатты канадалык жарандарга каршы мыйзамсыз аракеттери үчүн айыптап, өлкөдөн чыгарган.

Индия менен Канаданын мамилеси 2023-жылдын июнь айында Ванкувердеги унаа токтотуучу жайда атып өлтүрүлгөн Канада жараны Хардип Сингх Ниджар өлтүрүлгөндөн кийин кескин начарлап кеткен. Ниджар Индиянын Пенджаб аймагында көз карандысыз сикх мамлекетин түзүүгө активдүү колдоосу менен белгилүү болгон жана Индияда терроризмге айыпталып издөөдө жүргөн.

2023-жылдын сентябрында Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Индиянын чалгындоо кызматтары Ниджардын өлүмүнө тиешеси бар болушу мүмкүн экенин айтып, Нью-Делини тергөөдө кызматташууга чакырган. Бул билдирүү чыр-чатактын күчөшүнүн башталышы болуп калды. Индиянын Тышкы иштер министрлиги бул айыптоолорду кескин түрдө четке кагып, Канаданы Индиянын коопсуздугуна коркунуч келтирген террорчуларга башпаанек берип жатат деп айыптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан