О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагынын камтуусун жана сыйымдуулугун жогорулатты

О! мобилдик оператору калктын 99,8%дан ашыгы жашаган камтуу аймагында Кыргызстанда 4G/3G/2G тармактары менен камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча өзүнүн лидерлигин ырастайт.

Көрсөтүлгөн аймактарда жашаган өлкөнүн миллиондогон тургундары жана коноктору мындан да тезирээк мобилдик интернет жана сапаттуу байланышты пайдалана алышат. Акыркы эки айдын ичинде О! операторунун техникалык адистери ишке жаңы жабдууларды киргизишти, иштеп жаткан жабдууларды модернизациялашты жана көрсөтүлгөн шаарлар менен айылдардын аймагында тармактардын бардык түрлөрүнүн туруктуу сигналын камсыз кылышты.

  • Чүй облусу: Бишкек, Токмок, Кант, Орловка, Кара-Балта шаарларында, шаар тибиндеги Борду кыштагында, «Өскөн-Ордо» турак-жай массивинин аймагында, «Чуңкурчак» тоо-лыжа базасынын аймагында, аэропорт Манас, ошондой эле Кызыл-Туу, Дружба, Калмак-Ашуу, Шабдан, Военно-Антоновка, Ново-Павловка, Ново-Покровка, Арашан, Үч-Коргон, Аламүдүн, Чий-Талаа, Чоң-Кара-Буура, Жаңы-Жер айылдарында;
  • Ысык-Көл облусу: Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында, ошондой эле Орлиное, Кайырма-Арык, Биостанция, Корумду, Бостери, Чоң-Жаргылчак, Тамчы, Токтогул, Желеөбө, Тепке, Ой-Тал, Семеновка, Сары-Ой, Чоң-Сары-Ой, Бает, Бөрү-Баш, Ак-Чий, Тамга, Аң-Өстөн, Ичке-Булуң, пансионаттын аймагында Бар-Булак айылында, Алкым, Комсомольское, Конкино, Советское, Кара-Талаа, Барскоон, Бактуу-Долоноту (Прогресс), Күрмөнтү айылдарында;
  • Талас облусу: Талас шаарында жана Үч-Коргон, Көпүрө-Базар, Ак-Коргон, Талды-Булак, Чоң-Кара-Буура, Бакай-Ата айылдарында;
  • Нарын облусу: Нарын шаарында, Кыргыз-Алтын карьеринде жана Сары-Булуң, Жаңы-Арык, Кызарт, Бугучу, Жерге-Тал, Байгенчек, Көк-Жар, Ак-Кыя, Баш-Кайыңды, Жумгал, Ак-Татыр, Чукур-Аксеки айылдарында;
  • Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад, Базар-Коргон, Кара-Күл, Таш-Көмүр шаарларында, Кызыл-Жар шаар тибиндеги кыштакта, ошондой эле Жаңы-Жол, Таштак, Димитровка, Арал, Чокмор, Түрк-Абад, Үч-Терек, Куйбышев ат., Кара-Жыгач, Мамай, Кош-Болот, Рассвет, Бостон, Ак-Баш, Төш, Мазар-Суу, Тегене, Райкомол, Арсланбап, Жети-Кошкон, Аркалык, Кызыл-Кыя, Кызыл-Жар, Нарын, Жылгын, Жол-Сай, Кызыл-Туу, Өлөн-Булак, Чие, Ак-Там, Жапа-Салды, Жаңы-Шаар, Бешик-Жон, Жон, Көк-Айдар, Кыпчак-Талаа, Бүргөндү, Жаңы-Арык, Сары-Булак, Сафаровка, Тотия, Боз-Чычкан, Кара-Алма, Кой-Таш, Чарба, Дардак-Дөбө, Сары-Кашка, Жаңгак, Семет, Товар-Сай, Ак-Коргон, Сафедбулан, Падек, Хажыр-Абад, Сайдыкум, Катар-Жаңгак, Көк-Терек, Алтын-Кыя, Кызыл-Үңкүр, Советское, Кызыл-Ай, Кайырма, Жаңы-Акман, Колот, Үч-Булак (Каба), Масы, Жеңиш, Октябрьское, Орток, Жыгач-Коргон, Багыш, Кедей-Арык, Беш-Бала, Орто-Сай, Таш-Жар, Сары-Кашка, Улук, Торук, Сапалак, Достук, Совет-Сай, Жаңы-Шаар, Жаңы-Абад, Кызыл-Октябрь, Сейит-Казы, Первое Мая, Курулуш, Кара-Булак, Жеңиш, Комсомол, Михайловка, Сузак айылдары;
  • Ош облусу: Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Кара-Кисмак, ошондой эле Учкун, Жоош, Каарман, Мады, Отуз-Адыр, Кара-Дөбө, Жайылма, Жаңы-Араван, Пахта-Абад, Чычырканак, Коо-Чаты, Терек, Нариман, Нурдар, Кашгар-Кыштак, Ак-Терек, Кош-Этер, Кызыл-Байрак, Сары-Бээ, Кара-Таш, Терек-Суу, Алим-Тепе, Жылкелди, Кан-Коргон, Бору-Токой, Коңурат, Эркин, Коммунизм, Жыланды, Кызыл-Дыйкан, Красный Маяк, Адыр, Ынтымак, Жаңгакты, Корс-Этти, Саламалик, Кукалапаш, Жар-Кыштак, Пахтачы, Сары-Таш, Араван, Каррак, Кесов, Арап, Тепе-Коргон, Уйгур-Абад, Первое Мая, Октябрь, Токбай-Талаа, Шарк, Нариман, Корок, Коргон, Талаа, Чагыр, Савай, Катта-Тал, Жаңы-Ноокат, Кызыл-Октябрь, Кызыл-Алай, Жапалак, Төлөйкөн, Таштак (Жогорку Увам), Аччи, Гүлбахор, Ак-Шор, Керкидан, Найман, Кара-Кулжа, Өзгүр, Горный Тюльпан дачалары, Кыргыз-Чек, Асанчек, Монок, Жаңы-Кыштак, Коммунист, Ак-Өргө, Кыдырша, Кызыл-Абад, Кызыл-Мехнат, Көк-Жар, Федорово, Беш-Буркан, Ак-Булак, Шоро-Башат, Жазы, Мырза-Аке, Бабашуулу, Кызыл-Сеңир, Куршаб, Жээренчи, Большевик, Ничке-Сай, Ботомойнок, Талды-Суу, Куу-Майдан, Ай-Тамга, Кара-Кочкор, Кыш-Абад, Жаңы-Арык, ВЛКСМ, Каратай, Меркит, Муркут, Додон, Кара-Тарык, Курбу-Таш, Кароол, Орто-Арык айылдары;
  • Баткен облусу: Кызыл-Кыя, Кадамжай шаарларында, ошондой эле Халмион, Баймаала, Марказ, Бак, Гүлдүрөмө, Кара-Дөбө, Чуңкур-Кыштак, Адыр, Арпа-Сай, Сары-Алтын, Кыргыз-Кыштак, Чекелик, Ноогардан, Чоң-Гара, Миң-Чынар, Разъезд, Өрүкзар, Курулуш, Көк-Тал, Бужум, Арпа-Сай, Сары-Алтын айылдары.

«Шаарлардабы же чакан калктуу конуштардабы, абоненттер видеону абдан активдүү көрүп, «оор» контентти жүктөп, онлайн чалуулар аркылуу баарлашып жатканы көнүмүш болуп калды. Биз мындай аймактарды ыкчам аныктайбыз жана тигил же бул аймактын жашоочулары үчүн маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыз кылуу үчүн эң ылайыктуу техникалык чечимди тандайбыз», – деп белгиледи О! техникалык директору Антон Коваленко.

o.kg сайтында камтуу картасын толук карап чыгып жана ыңгайлуу тарифти тандап алсаңыз болот.

Сурооңуз болсо, күнү-түнү иштеген Колдоо кызматына жазыңыз: https://wa.me/996705700700 же Telegram'га: @o_mobile_operator_bot, o.kg сайтындагы онлайн-чатта, ошондой эле Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы жеке билдирүүлөрдө.

КР МТжБМК караштуу МБК лицензиясы: "НУР Телеком" ЖЧК 06.12.2016 №16-0062-КР жана №16-0063-КР

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан