MBusiness жана MKassaдан ишкерлер үчүн “Төлөмдөрдү QR аркылуу кабыл ал” акциясынын алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды

2024-жылдын 17-октябрында ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK "Төлөмдөрдү QR аркылуу кабыл ал" акциясынын биринчи жеңүүчүлөрүн сыйлады! Бул чоң акциянын алкагында MBusiness жана MKassa менен биргеликте иштеген ишкерлер жаңы муундагы үч автоунаа жана миңдеген башка баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Акция кандай жүрүп жатат?

2024-жылдын 7-октябрынан 2024-жылдын 22-декабрына чейин өлкөнүн ишкерлери MBusiness жана MKassa төлөм куралдарынын QR-коддору аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү активдүү кабыл алып, байгелерге ээ болуп жатышат.

Негизги байгелердин катарында үч IX муундагы Toyota Camry автоунаасы, фирмалык мерчтер, AirPods Pro 2, iPhone 16 жана MacBook Air M2 бар.

Биринчи сыйлык тапшыруу аземинде гаджеттердин жана фирмалык товарлардын ээлери болгон бактылуу жеңүүчүлөр аныкталды. Жеңүүчүлөрдүн арасында QR код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алган кичи жана орто бизнестин ээлери, ар кайсы тармактагы ишкерлер бар. Кээ бирөөлөр жеке дүкөнгө ээ, кимдир бирөө тейлөө тармагында иштешет, биринин тигүү цехи, ал эми башкасынын жеке кофеканасы бар, бирок алардын бардыгын заманбап төлөм куралдарын активдүү колдонуу бириктирет.

Биринчи этаптын бактылуу жеңүүчүлөрү:

  1. ИП Н***а А*** Д***а- AirPods Pro 2
  2. ИП М***о Л***а С***а- Iphone 16
  3. ИП Б***в Н***к Б***ч- AirPods Pro 2
  4. ИП Т***в М***с Ш***ч- MacBook Air M2
  5. ИП Ч***в Ж***к Р**ч- AirPods Pro 2

Ошондой эле, 100дөн ашык жеңүүчүлөр фирмалык белектерди алышты (Жеңүүчүлөрдүн тизмеси шилтемеде)

«Акциянын жеңүүчүсү болгонумду билгенде мен абдан таң калдым! Чынын айтсам, мен муну күткөн эмесмин, анткени мен адаттагыдай эле QR-код менен төлөмдөрдү кабыл алып жаткам.

Мен катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиргим келет. Бул мага өнүгүүнү улантууга жана заманбап технологияларды мындан ары да колдонууга шыктандырат. Башка ишкерлер да өз күчүн сынап, ушул сыяктуу акциялардын катышуучусу болушат деп ишенем», - деген пикири менен бөлүштү акциянын жеңүүчүсү Эмир С ***

"QR төлөмдөрдү кабыл ал" акциясы 2024-жылдын 22-декабрына чейин уланарын унутпаңыз! Ар бир жаңы QR-код транзакциясы сиздин утуп алуу мүмкүнчүлүгүңүздү жогорулатат. Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алыңыз жана кийинки негизги байгенин ээси болуу мүмкүнчүлүгүңүздү колдон чыгарбаңыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан