Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац палестиналык "ХАМАС" тобунун лидери Яхья Синвар Газа тилкесинде өлтүрүлгөнүн тастыктаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Израиль коргонуу күчтөрүнүн Газа тилкесинде жүргүзгөн операцияларында үч террорист жок кылынды. Израилдин куралдуу күчтөрү террорчулардын бири Яхья Синвар болушу мүмкүндүгүн иликтеп жатат", — деп билдирди Израилдин басма сөз кызматы.
"ХАМАС" бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.