Өмүр бою эркинен ажыратылган Карачай-Черкесиянын мурдагы сенатору Рауф Арашуков Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдон кечирим сурады. Мурдагы саясатчынын кайрылуусу анын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Өз кайрылуусунда Арашуков Чеченстандын башчысын “урматтуу агабыз” деп атап, кетирген каталары үчүн кечирим сураган. Ошондой эле ал Рамзан Кадыровду эч качан таарынтууну ойлобогонун баса белгилеген.
"Эң биринчи айткым келген нерсе, силердин алдыңарда кетирген каталарым үчүн кечирим суроо. Мен эч качан атайылап сизди ачууланта турган же таарынта турган эч нерсе кылган эмесмин. Аллах күбө. Бирок бул мени жана менин каталарымды актабайт... Алланын ыраазычылыгы үчүн кечирим сурайм, каталарымды моюнума алдым", - деп жазылды анын социалдык тармактагы баракчасында.
Ошондой эле ал Рамзан Кадыровдон жардам сураган.
"Бизге сизден башка эч ким жардам бере албасын түшүнөм", - деп кошумчалаган Рауф Арашуков.
Анын бул билдирүүлөрүнө Рамзан Кадыров азырынча жооп бере элек.
Рауф Арашуков менен Рамзан Кадыров 2007-жылдан баштап он жылдай дос болгон, бирок Арашуков "Росавтодордун" Түндүк Кавказ бөлүмүнүн башчысы, Кадыровдун тууганы Руслан Лечхаджиевди кызматтан алууга аракет кылгандан кийин алардын мамилеси начарлап кеткен.
Рауф Арашуков жана анын атасы Раул Араушков 2022-жылы декабрда кылмыштуу чөйрө, буйрутма киши өлтүрүү жана уурулук беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышып, өмүр бою эркинен ажыратылышкан.