Өлкөгө 112 жаңы техника келди. Садыр Жапаров аларды Айыл чарба министрлигине тапшырды (сүрөттөр)

Өлкөгө айыл чарба багытына иштетүү үчүн 112 атайын техника алынып келди. Бул туурасында бүгүн, 18-октябрда президенттик администрациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, суу ресурстары кызматынын керектөөлөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен алынган атайын техникаларды президент Садыр Жапаров Айыл чарба министрлигине тапшырды.

Президент өз сөзүндө тармактын адистерин Айыл чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, аларга өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо ийгиликтерди каалады.

«Кыргызстандын айыл чарбасы – өлкөбүздүн экономикасына арка-бел болгон артыкчылыктуу тармактардын бири. Ал сапаттуу мол продукция өндүрүүгө жана аны менен тышкы соода-сатыкта атаандашууга, кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга жана жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт», - деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы Мамлекеттик инвестициялар программасынын, ошондой эле “Айыл чарбасын каржылоо”, “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорлорунун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүн активдүү колдоо жүрүп жатканын баса көрсөттү. 2021-жылдан бери айыл чарба техникаларынын лизингине жалпысы 12,4 миллиард сом бөлүнүп, бул каражатка 3639 айыл чарба техникасы берилген.

Белгилей кетсек, 112 техниканын ичинде дөңгөлөк менен жүрүүчү узун бум экскаватор - 28 бирдик, жүк көтөрүүчү манипулятор 8 тонна - 6 бирдик, алдыңкы жүктөгүч 3 м3 - 10 бирдик, узун бум экскаватор жөрмөлөгүч менен - 8 бирдик, өзү жүктөөчү бетон аралаштыргыч - 8 бирдик, бульдозер-4 бирдик, грейдер - 1 бирдик, 35 орундуу автобус - 1 бирдик жана башка техникалардын түрлөрү бар. Алар өлкө аймактары боюнча бөлүштүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан