Белгилүү мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Бивол социалдык тармактагы баракчасына жаңы пост жазып, мушкер менен архивдик сүрөтүн катталуучулар менен бөлүштү.
Анда Екатерина Бивол Дмитрий Бивол менен 2007-жылы түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, "Аял жакырчылыкта, күйөө байлыкта билинет", - деп жазды.
Буга чейин Екатерина Бивол мушкерден балдары үчүн 200 миллион рубль жана Санкт-Петербургдун борборунан эки батир талап кылган.